Индонезияда питон аялды жутуп салды
Бөлүшүү:
Индонезиянын Сулавеси аралында жоголуп кеткен 54 жаштагы аялды 8 метрлик питондун ичинен табышты. Бул маалыматты The Jakarta Post маалымат агенттиги жазып чыкты. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда 14-июньда кечке маал чыгып кеткен аял үйүнө келген эмес. Туугандары кабатырланып издеп баштаган. Кол чырак, бутуна кийген ботосу жана издери эле калган. Жакын жерден чаначтай тарсайган 8 метрлик жыланды көрушкөн. Жергиликтүү эл питонду союп, ичинен жоголгон аялдын жансыз денесин таап чыгышты.
Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-piton-ayaldy-zhutup-saldy
Добавить комментарий ×