Индонезияда 4D "Куран музейи" ачылат
Индонезиянын Маланго шаарында ислам борборун салуу пландалууда. Ал борбордо 4D форматындагы "Куран музейи" болот. Бул тууралуу "Malang Times" порталы жазып чыкты.
Музейди куруу жобосу 2019-жылдан 2023-жылга чейин пландалууда. Ал үчүн 5,56 га жер жана 29,69 млн доллар каражат бөлүнгөн.
Музейди курууда анын сырты көрүнүшүнө эмес ички мазмунуна маани берилмекчи. Үлгү катары Дубайдагы "Этихад" музейинин жасалгалары алынган. Куран музейинин 4D форматында булуусунун себеби аяттарды мазмуну менен өтө сапаттуу түрдө көрсөтүү.
Куран музейинин курулушу Индонезиянын халал-туризмди өнүктүрүү боюнча өкмөттүн программасына киргизилген.
Ссылка: https://barometr.kg/indoneziyada-4d-kuran-muzeji-achylat
Добавить комментарий ×