Индиянын тургуну алтындан жасалган бет кап менен коронавирустан коргонууда (Сүрөт)

6 июль 2020 09:59 1436 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиянын жашоочусу коронавирустан коргонуу үчүн алтындан бет кап жасатты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмасына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

Индиянын Махараштра штатынын жашоочусу Шанкар Кураде зер буюмдарды жакшы көрүп тагынат.  Учурдагы дүйнө жүзүн каптаган апааттан башкалардан өзгөчөлөнүп коргонгусу келген.

Аталган бет кап атайын дем алууга ылайыктуу тешиктери менен жасалган.

«Күмүштөн бет кап тагынып жүргөн адамды көрүп, алтындан бет кап тагынуу идеясы келди. Мен аябай алтындан жасалган оор зер буюмдарды тагынганды жактырам. Өзгөчө шакек, чынжырча. Биздин шаардын зергерине буйрутма бергем. Алтын бет каптын салмагы 56,7 грамм жана аны жасатууга 3 870 доллар сапрталган», - деп айтылат маалыматты.

Өз кезегинде алтын бет кап жергиликтүү элдин жана ЖМКнын көңүлүн бурган.  

Белгилей кетсек, акыркы мүнөткө алынган маалымат боюнча Индияда 673 миң адам коронавируска кабылды. Анын 409 миңи айыгып, 19 268 каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/indiyanyn-turgunu-altyndan-zhasalgan-bet-menen-virustan-korgonuuda-srt



Добавить комментарий