Индияда мөңгүнүн кулашынан каза болгондор 34 адамга жетип, дайынсыз жоголгондордун саны 170ке жетти
Индиянын Уттаракханд штатында мөңгүнүн кулашынан каза болгондордун жалпы саны 34 адамга жетти. Бул тууралуу The Indian Express гезити жазган маалыматка шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.
Учурда дагы 170 адам дайынсыз болуп жаткандыгы белгиленди. Бийлик ошондой эле мөңгүнүн аймагында курулуп жаткан туннелде камалып калган делинген 34 жумушчуну куткаруу операциясы уланып жатканын билдирди.
9-февралдын кечинде куткаруучулар туннелге кирүүгө үлгүрүшкөн, бирок ал жерден жумушчулар табылган эмес. Алар издөө иштери жүрүп жаткан жердин астындагы туннелде камалып калган болушу мүмкүн. Куткаруу иштери уланууда.
Окуя 7-февраль, жекшемби күнү болгон. Муз массалары Нандадеви тоосунан Дхауйлиганг жана Алакнанда дарыяларына түшүп, анын кесепетинен штаттын бийик тоолуу аймактарын суу каптаган. Натыйжада “Ришиганга” гидроэлектростанциясы толугу менен талкаланып, аны жумушчулары менен кошо агызып кеткен.
Мындан тышкары, дарыянын ылдый жагында үч көпүрө жана турак жайлар талкаланган. Бийлик бир нече айылдын тургундарын эвакуациялап жатат.
Добавить комментарий ×