Индияда Кыргызстандын 11 жараны карантинге алынды

21 март 2020 17:19 570 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индиянын Хайдарабад шаарында 11 КР жараны карантинге алынды. Алар азыр изоляцияга алынып, коронавируска текшерилет. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди

Эске салсак, министрликтин буга чейин берген маалыматтары боюнча Кыргызстандын чет жактагы элчиликтери, консулдуктары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн. Алар жайгашкан мамлекеттеги кыргызстандыктарга укуктук жана башка жардамдарды берип жатат.

Буга чейин Жарандык авиациянын өкүлү 21-22-23-мартта Россия, Дубай жана Индиядагы үч миңдей кыргызстандык мекенине алынып келе турганын маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-kyrgyzstandyn-11-zharany-karantinge-alyndy



Добавить комментарий