Индияда көп кабаттуу үй кулап, жүздөн ашуун киши уранды алдында калды
Индияда урандылардын алдынан алтымыш адамды куткарып калышкан. Бул тууралуу Reuters агенттиги берген маалыматка таянып “Барометр” которду.
Кырсык 24-августта Мумбайдан 165 км алыстыктагы Махараштра штатынын Махал шаарында болгон.
Көп кабаттуу үйдүн 47 батиринде 200дөй киши жашаган. Кырсык учурунда 100дөн 125 кишиге чейин бар болушу мүмкүн деп болжолдонууда.
Кулап калган көп кабаттуу үйдүн салынганына болгону он жыл болгон.
Куткаруучулардын айтымында бир адам каза болуп, он беши ар түрдүү жаракаттарды алышкан.
Дагы 25 киши уранды алдында калганы айтылды. Куткаруу иштери уланууда.
Алдын ала маалыматта, үйдүн урап калуу себеби көп күн тынымсыз жааган жамгырдан болушу мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-kp-kabattuu-j-kulap-zhzdn-ashuun-kishi-urandy-aldynda-kaldy
Добавить комментарий ×