Индияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдын сөөгү Кыргызстанга жеткирилет

23 сентябрь 2021 10:23 1853 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индияда каза тапкан кыргызстандык аялдын жана анын баласынын сөөгүн Кыргызстанга жеткиришет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашканын “Барометр” маалымдайт.

Индиядагы Кыргызстандын элчилигинен маалымдашкандай, каза тапкан аялдын Индиядагы туугандары аны жана баласын Кыргызстандын аймагына коюуга уруксат беришкен.

Элчилик жүк-200дү Бишкекке жөнөтүү маслесин чечип жатат.

Эскерте кетсек, кечээ ЖМКларда Нью-Дели шаарында кыргызстандык М. Ж жана анын баласы М. Ч таш боордук менен өлтүрүлгөнүн жазып чыккан. Ал Индиянын жараны-күйөөсү менен уруша кетип курбусунун үйүнө жашынып калган.  

Тергөөнүн версиясына ылайык, кылмыш 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү Нью-Дели шаарындагы аялдын курбусунун үйүндө болгон.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-kaza-tapkan-ayaldyn-sgn-kyrgyzstanga-zhetkirishet



Добавить комментарий