Индияда каза болгон келин 6 күндөн кийин үйүнө келди (Сүрөт)

7 август 2020 11:49 2172 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Индияда “каза болду” деп жерге берилген келин 6 күндөн кийин үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактарына шилтеме берип “Барометр” которду.

Окуя Индиянын Уттар-Прадеш аймагында 27-июлда катталган. Анда укук коргоочулар чемоданга салынган аял кишинин сөөгүн табышкан.

“24 жаштагы кыздын денесин анын туугандары тастыкташкан. Тергөөчүлөр кылмышка шектүү деп анын үй-бүлөсүн айыпташкан. Себеби жолдошу жана анын үй-бүлөсү келинине ар дайым жаман мамиле кылышкан”, - деп айтылат маалыматта.

Бирок, келин 6 күндөн кийин полиция кызматына келип, ал бир жума аралыгында коңшу шаарга иштегени кенкенин айткан. Анын иштегени кеткенин эч ким билген эмес.

Белгилей кетсек, келиндин жолдошунан жана ынын үй-бүлөсүнөн айыптар алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-kaza-bolgon-kelin-6-kndn-kijin-jn-keldi-srt



Добавить комментарий