Индияда белгисиз илдет менен ооруканага түшкөн адамдардын саны 300дөн ашты
Индиянын Андхра-Прадеш штатындагы Элуру шаарынын бир тургуну белгисиз оорудан улам каза болуп, дагы 315 жаран ушул сыяктуу белгилер менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу The Hindu гезити 7-декабрда жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Дарыгерлердин айтымында, бейтаптар башы ооруп, башы айланып, эс-учун жоготуп, эпилепсиянын белгилери менен ооруканага кайрылып жатышат.
“Тургундар бул белгилер жөнүндө 5-декабрь, ишемби күнү билдирип башташты жана 6-декабрь түн ортосуна чейин алардын саны 315ке жетти, алардын 70 аял жана 46 бала”, - деп айтылат билдирүүдө.
Бейтаптардын көпчүлүгүнүн абалы туруктуу экени белгиленди. Ошол эле учурда, дарыгерлер келген бейтаптардын коронавируска каршы анализдери таза чыкканын кошумчалашты.
Учурда жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдарынын өкүлдөрү оорунун козгогучу табыла электигин билдиришти. Буга чейин бейтаптардын суу, тамак-аш жана кан үлгүлөрү экспертизага жөнөтүлгөн.
Ошол эле учурда, департамент мындай массалык инфекция абанын булганышынын натыйжасында же сапатсыз продукцияны колдонууга байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтты.
Сенегалдын батышында 19-ноябрда 100дөн ашуун балыкчылар белгисиз илдетке чалдыгышкан. Оорунун очогу өлкөнүн борбору Дакарга жакын жерде Рюфиск жана Мбур порт шаарларынын ортосунда жайгашкандыгы белгиленген. Оорулуулардын терисинде котур түрүндөгү ысык пайда болуп, дене табы көтөрүлгөн.
Добавить комментарий ×