Индияда 18 жаштагы жигит коронавирусту башкаларга жуктурбаш үчүн бакта жашаган

19 май 2021 17:27 2651 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Индиянын 18 жаштагы тургуну Шивадан 4-майда коронавирус табылган. Ал үй-бүлөсүнө коронавирус жуктурбоо үчүн бактын үстүндө жашаган. Бул тууралуу Индиянын Саламаттыкты сактоо министирлигинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.

“Индиянын Телингана штатындагы Налагонда шаарында COVID-19дун жайылышы менен  ооруканаларда орун калган эмес. Андан сырткары жеке коргонуучу каражаттар, дары-дармектер жана вакциналардын жетишсиз. Ошондой эле үйдө дарыланууга да мүмкүн болбой калган. Анткени көп үй бүлөлөр бир бөлмөлүү үйлөрдө жашашат.

Мындан улам Шива жакындары н коргоо үчүн үйүнүн жанындагы даракта жашап турууну чечкен. Жергиликтүү ыктыярчылар ага үй-бүлөсүнөн өзүнчө болууга кеңеш беришкен. Шива ал жерде 11 күн жашады”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Индия коронавирус менен ооругандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 25,2 миллиондон ашты, 278 миңден ашуун адам каза болду.

Ссылка: https://barometr.kg/indiyada-18-zhashtagy-bala-koronavirustu-bashkalarga-zhukturbash-chn-bakta-zhashagan



Добавить комментарий