Индияда 18 жаштагы жигит коронавирусту башкаларга жуктурбаш үчүн бакта жашаган
Индиянын 18 жаштагы тургуну Шивадан 4-майда коронавирус табылган. Ал үй-бүлөсүнө коронавирус жуктурбоо үчүн бактын үстүндө жашаган. Бул тууралуу Индиянын Саламаттыкты сактоо министирлигинин басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
“Индиянын Телингана штатындагы Налагонда шаарында COVID-19дун жайылышы менен ооруканаларда орун калган эмес. Андан сырткары жеке коргонуучу каражаттар, дары-дармектер жана вакциналардын жетишсиз. Ошондой эле үйдө дарыланууга да мүмкүн болбой калган. Анткени көп үй бүлөлөр бир бөлмөлүү үйлөрдө жашашат.
Мындан улам Шива жакындары н коргоо үчүн үйүнүн жанындагы даракта жашап турууну чечкен. Жергиликтүү ыктыярчылар ага үй-бүлөсүнөн өзүнчө болууга кеңеш беришкен. Шива ал жерде 11 күн жашады”, - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Индия коронавирус менен ооругандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, COVID-19 менен ооругандардын жалпы саны 25,2 миллиондон ашты, 278 миңден ашуун адам каза болду.
Добавить комментарий ×