Инди океанынан кытайлык кеме оодарылып, 39 адам дайынсыз болууда

17 май 2023 13:42 398 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Инди океанынан кытайлык кеме кыйрап, кеминде 39 адам дайынсыз жоголду. Бул тууралуу DW сайтына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.  

Кеменин кыйрашы Инди океанынын борбордук бөлүгүндө Пекин убактысы боюнча таңкы саат үчтөр чамасында болгон.

Кемеде 39 адамдан турган экипаж болгон.  
Алардын он жетиси Кытайдын, дагы он жетиси Индонезиянын жана бешөө Филиппиндин жарандары.  

Кеме Penglai Jinglu Fishery компаниясына таандык болгон.  

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кытайлык Лу Пэн Юан Ю 028 балыкчы кемесинин чөгүп кетишинен улам дайынсыз жоголгон балыкчыларды издөө жана куткаруу үчүн бардык аракеттерди көрүүнү талап кылды.
 


 

Ссылка: https://barometr.kg/indi-okeanynan-kytajlyk-keme-urap-39-adam-dajynsyz-boluuda



Добавить комментарий