Илон Масктын Путинге болгон кайрылуусуна Кремель жооп берди
14-февралда америкалык ишкер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Россиянын президенти Владимир Путинди жаңы Clubhouse социалдык тармагында аны менен баарлашууга чакырган. Ал эми, бул сунушка Путиндин басма сөз катчысы расмий жооп кайтарды. Бул тууралуу жергиликтүү Life.ru сайты жазган маалыматка шилтеме берип "Барометр" жооп берет.
Буга жооп катары Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аны кызыктуу сунуш деп атап, бирок Путин социалдык тармактарды колдонбостугун эске салды.
«Биз биринчи кезекте аны аныктап алгыбыз келет. Президент Путин социалдык тармактарды түздөн-түз колдонбосун баарыбыз билебиз. Ал жеке өзү соцтармактарды башкарбайт. Жалпысынан, бул, албетте, абдан кызыктуу сунуш», - деди Песков журналисттерге.
«Бирок биз бул тиркеме жөнүндө иликтеп, баарын текшере баштайбыз, андан кийин реакция жасайбыз», - деп убада берди Кремлдин өкүлү.
Clubhouse социалдык тармагы 2020-жылы жазында Alpha Exploatation Co компаниясы тарабынан негизделип, коронавирус пандемиясынын жана карантиндик чектөөлөрү учурунда тез популярдуулукка жетишти.
Ссылка: https://barometr.kg/ilon-masktyn-putinge-bolgon-kajryluusuna-kremel-zhoop-berdi
Добавить комментарий ×