Иллон Маск Twitter’ди сатып алары менен кызматкерлерин жапырт жумуштан кетирүүнү пландап жатат

3 ноябрь 2022 13:26 1513 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Твиттерге толук ээлик кылгандан кийин Илон Маск компаниянын кадр саясатын кайра карап чыгууну чечкен. Бул тууралуу Bloomberg өз булактарына таянуу менен жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.


Маалыматта, бизнесмен кызматкерлеринин жарымына жакынын жумуштан кетирүүнү пландап жатканы айтылат.

Мекеменин маектештеринин айтымында, 7,5 миң жумушчунун 3,7 миңге жакыны кыскартылат.

Ошол эле учурда штатта калган кызматкерлерге онлайн иштөөгө тыюу салынат. Бул чаралар чыгымдарды кыскартууга багытталган.
 
Маск буга чейин, өзүнүн аккаунтунда жарнама берүүчүлөр сөз эркиндигин карманышы керекби же саясий тууралыкты колдошу керекпи деген сурамжылоону жарыялаган. Добуш бергендердин көпчүлүгү биринчи вариантты тандашкан.

Илон Маск Twitter’ди сатып алуу боюнча келишимди 27-октябрда аяктады.
Долбоордун суммасы 44 миллиард долларды түздү.
Ишкер өзү бул соцтармакты сатып алуу чечимин адамзатка жардам берүү каалоосу менен түшүндүргөн. Ал белгилегендей, ал цивилизация үчүн ар түрдүү пикирлерди сергек атмосферада талкуулоого боло турган бир санариптик платформа болушун маанилүү деп эсептейт.

Ссылка: https://barometr.kg/illon-mask-twitterge-toluk-eelik-kylary-menen-kyzmatkerlerin-zhapyrt-zhumushtan-ketirn-plandap-zhatat



Добавить комментарий