Илимпоздор рактын пайда болушуна алып келүүчү жемишти аташты

19 апрель 2022 13:20 4222 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, апельсин жана апельсин ширеси теринин рак оорусунун себеби болушу мүмкүн деп тапты. Бул тууралуу Express агенттигине шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Индиана Университетинин окумуштуулары цитрусту колдонуу менен меланоманын өнүгүшүнүн ортосундагы байланышты изилдеп, бир катар факторлорду эске алуу менен апелсин ден соолукка кооптуу деген тыянак чыгарышкан.

Илимпоздор 198 964 кишини анализдеп, алардын ичинен 1 592 кишиге меланома диагнозу коюлган. Изилдөөгө катышкан адамдар 24 жыл боюу цитрус жемиштеринин санын атайын анкетага белгилеп турушкан.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, күнүнө бирден ашык апельсин колдонгондордо меланома пайда болуу коркунучу жогору болгон. Мисалга алып карасак, күн сайын цитрус жемиштерин жебегендерге караганда 79 пайызга жогору экендиги аныкталды. Күнүнө бир порциядан ашык табигый апельсин ширесин ичкен адамдардын тери рагына чалдыгуу коркунучу 54 пайызга жогору болгон.

Окумуштуулардын айтымында, псорален организмге ушундай терс таасир этет. Бул цитрус жемиштеринде кездешүүчү зат. Ал фотосенсибилдештирүүчү жана фотокарциногендик касиетке ээ.

Ссылка: https://barometr.kg/ilimpozdor-raktyn-pajda-bolushuna-alyp-kelch-zhemishti-atashty



Добавить комментарий