Илим Карыпбековду финансы полициясы суракка чакырды

24 август 2018 19:00 2768 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

КТРКнын директору Илим Карыпбековду 23-августта финансы полициясы суракка чакырды. Бул тууралуу Карыпбеков Twitter баракчасына жазды. 

Анда: "Бүгүн маанилүү жолугушууга кечигип келдим. Кечикпеш керек эле. Бирок финансы полициясы суракка чакырып, кармалып калганымды айтканда, "Азыр өлкөнүн жарымы суракта болуп жатат. Бул адаттагыдай эле көрүнүш, дагы жакшы чыгыптырсың"-дегенден башка эскертүү алган жокмун. Мына ушундай азыр"-деген билдирүү калтырылган.

КР өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы Улуттук каналдын директорун кандай себептен чакырганы тууралуу маалымат берилген жок. 


Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekovdu-finansy-policiyasy-surakka-chakyrdy



Добавить комментарий