Илим Карыпбеков жыныстык мүчөсүнө операция жасатып каза болгон миллиардер тууралуу: "Арты кайырлуу болгур, өлүп калыптыр"

7 март 2019 16:32 22119 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

КТРКнын учурдагы мөөнөтү аяктаар алдында турган башкы директору Илим Карыпбеков жыныстык мүчөсүнө операция жасатып жаткан учурда каза болгон бизнесмен тууралуу пикирин билдирип окурмандарына күлкү тартуулады.

Карыпбеков бул тууралуу атайын постко

“Эхуд байке деген «алмаз» миллиардери жыныстык мүчөсүнө операция жасатып жаткан учурда өлүп калыптыр, арты кайрылуу болгур десе. Азыр бүт дүйнө ошону талкуулап жатыптыр. Ойлоп койдум, эми көп эркектер рахмат дейт болуш керек деп. Эй бирөө эмес, экөө болот десе дагы, ой жок кокуй деп”, -деп куйкум сөздөрдү куюлуштуруп жазып чыкты.

Ага кошумча, Илим Карыпбеков:


“Ошондуктан эркек достор, аялдар күнүнүн алдында көп күтүрбөй бир жерди бекем кысып, кичинеби, чоңбу бирөөнү эле тыңыраак тыйып, урматтап, сыйлап жашайлы э? А то таарынып калышы ыктымал.”, -деген тамаша пикирин кошумчалай кетти.

Бул тамашаны түшүнгөндөр жакшы пикир калтырып “маанайды көтөрдүңүз десе, башкалар “жетекчи болуп туруп мындай сөздөрдү жазган уят го” деген сын пикирлерин айтышты.

Эске салсак, түпкү теги израилдик, Бельгияда ишкерлик кылган миллиардер Эхуд Арье Ланиадо Парижде жыныс органына жасалып жаткан операция учурунда каза тапкан.

Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-zhynystyk-mchsn-operaciya-zhasatyp-kaza-bolgon-milliarder-tuuraluu-arty-kajyrluu-bolgur-lp-kalyptyr



Добавить комментарий