Илим Карыпбеков: "КТРК Берадорду Бек кылган! Бектин Беги болсо дагы сөз кайтарам"

3 январь 2019 16:02 5583 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун элди жаңы жылы менен куттуктаган видеосунан кийин, ырчы Бек Борбиев менен Илим Карыпбековдун ортосунда интернет аркылуу кайым айтышуу жаралган. Мунун себеби Бек Борбиев КТРКнын кызматкерлерин сындап жазып чыкканы болгон.

Мындан улам социалдык тармактарда "Илим Карыпбеков менен Бек Борбиев  айтышты" деген маалыматтар желдей тараган.

Буга чейин КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков Facebook баракчасы аркылуу Бек Борбиевдин сөздөрүнө жооп жазкан. Бул жолу, окуя тууралуу жалпы окурмандар үчүн пост жарыялады:

"Достор! Мен ким, Бек байке ким? Мен чимкиригимди тарта албай жүргөн кезде Бек байке өлкөнү дүнгүрөтүп турган жигит. Таланты ташкындап, канча легендарлуу чыгармаларды жаратып, кыргыз элин сүйүндүрүп, ойго батырып, көккө көтөрүп жүрөт. Мен дагы Бек байкенин ыры менен чоңойгом, дагы эле музыкалык коллекциямда Бек байкенин ырлары көп, сүйүнүп угам. Бек байке мага сөз айтмак турсун, калпагымдын кырынан баштап, таманыма чейин сөксө дагы сөз кайтарбайм, себеби сыйлай, урматтайм! Бек байке алп болсо, мен ал кишинин жанында чиркей элемин.

Мен Бек байкеге сөз кайтарганымды себеби башкада. Өз учурунда Бек байке дагы чимкиригин тарта албай, кайда барып ырымды, талантымды элге таанытам деп жүргөндө Берадор байкени Бек кылган ушул "грош цена болгон" КТРК! Ушул "грош цена" болгон КТРКнын операторлору, жөнөкөй кызматкерлери ак эмгегин жумшап жатып Берадорду Бек кылышкан! Ушул жарытылуу эмгек акы албаган "грош цена" болгон КТРК дагы деле Берадор байкенин ырларын даңазалап Бек Борбиев атына салым кошуп жүрүшөт. Кеп КТРК жетекчисинде, же өлкө башчынын куттуктоосунда эмес. Өлкө башчылары, КТРК башчылары келет, кетет, бирок өлкөбүз, КТРКбыз кылымдарга элге кызмат кылып кала берет.

Тагдыр буйруп КТРКнын жетекчиси болуп калдым. Мен бул жерге чартаңбай тээп, башкарганы келген жокмун. КТРКнын өнүгүүсүнө гана аракет кылбастан, КТРКнын аброюн, атын сактаганга дагы милдентендирилип шайлангам. Ошондуктан КТРКны, КТРКнын кызматкерлерине сөз келтирип, КТРК өзү багып чоңойткон уулдары "грош цена Вам" деп керсеңдеп турушса Бек эмес, Бектин Беги болсо дагы сөз кайтарам. Себеби жөнөкөй эле - айрымдар үчүн КТРК жаман, айрымдар үчүн КТРК жакшы болушу мүмкүн, а мен үчүн КТРК ыйык жер, ыйык мекеме, а кызматкерлеримден айланып кеткиле! Менин кызматкерлеримдей маңдай терин аябай, жанын сайып коюп, үй-бүлөсүнөн КТРКны өйдө коюп Берадорлорду Бек кылыш үчүн иштеген эр азаматтар, кыздар мамлекетибизде чанда кездешет.

Айтайын дегеним ушул эле. Урматым менен!"

Бул сөздөрдөн кийин көпчүлүк интернет колдонуучулар "Баш кесмек бар тил кесмек жок туура айтасыз"-деп, жамгырдай жааган пикирлерди калтырышууда.


Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-ktrk-beradordu-bek-kylyshkan-bektin-begi-bolso-dagy-sz-kajtaram



Добавить комментарий