Илим Карыпбеков: "Бек байке ырчы эмес, сынчы болгонуңузда элди кууратмак экенсиз"

2 января 2019 00:13 10302 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бек байке, ырчы болбой сынчы болуп калганыңызда элди кууратмак экенсиз, сиз айткан сынды кабыл алдык, кийинкиге сабак болоор деп жооп берди Улуттук телеканалдын жетекчиси Илим Карыпбеков. Бул тууралуу ал соцтармактагы жеке баракчасы аркылуу жазды.

"Сиз туура айтасыз байке, албетте сындан эч ким сынбайт. Сын деген адамды чыйралтат, алдыга сүрөйт! Сиздин сыныңыз "Бек Борбиев ушунча ырдап, кыргыздардын легендасы болуп жүрүп, дүйнөлүк масштабга чыга албагандан кийин дүйнө коомчулугуна уят болдук!" дегендей болуптур. Мен кабыл алдым байке, кийинкиге сабак болоор"-деп жазган Карыпбеков.

Бул тууралуу учурда социалдык тармакта катуу талаш-тартыш болуп жатат. Айрымдары жетекчиникин туура десе, кээ бири ырчынын таламын талашкандар болууда. Кыскасы, ажонун видеосу үчүн айтышкан маданияттын эки көрүнүктүү адамы элдин сынына калды. 

Эске салсак, Бек Борбиев президенттин Жаңы-жылдагы куттуктоосуна сын айтып, буга Улуттук каналды күнөөлөгөн. Дүйнөгө бизди уят кылды деп, КТРКнын жана президенттин маалымат кызматынын дарегине төмөн баа бергенин өзүнүн жеке баракчасы аркылуу жазган эле.

Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-bek-bajke-yrchy-emes-synchy-bolgonuuzda-eldi-kuuratmak-ekensiz



Добавить комментарий