Бек Борбиев: "Ажонун куттуктоосун чыкыйтып тартыш керек эле"

1 января 2019 19:56 6531 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ажонун куттуктоо видеосунда оператор ракурсту туура эмес тандагандай. Бул тууралуу ырчы Бек Борбиев Фейсбуктагы жеке баракчасына жазды.

"Кечээги президенттин куттуктоосу маңыздуу болду. Кыска нуска. Бирок оператордун койгон ракурсу туура эмес. Же атайылап кыянаттык кылыштыбы? Айтор бул катачылык чоң жоопкерчилик менен аяктайт го дейм»"-деп жазган ырчы Бек Борбиев. 

Мындай билдирүүгө айрымдар президентке атайын кыянаттык менен ушундай тартыптыр дешсе, көпчүлүк КТРдин тиешеси жок, пресс кызмат жооп берсин дешти. Эмнеси болсо дагы уят эле болдук дегендер дагы чыкты. 

Кичинекей нерсени чоңго айландырып, теменеден төө кылбагыла деп айткандар да болбой койгон жок.

Ал эми КТРдеги белгилүү режиссёр Асыл Аппасова: "Президенттин кайрылуусун анын маалымат кызматы даярдап, башка каналдарга жөнөтөт, улуттук телеканалдын тиешеси жок"-деп жазды Бек Борбиевдин жазган постунун астына. 

Ссылка: https://barometr.kg/bek-borbiev-azhonun-kzn-kyjshyk-kylyp-tartuu-shyldydoogo-zhatat-ktr-menen-press-kyzmat-aman-ele-bolgula



Добавить комментарий