Илим Карыпбеков: Балпайган Балбак байке сизден мындай кадамдарды күткөн эмесмин
Жер тилкелерин ижарага алган 223 ишкерлер ижара акысын төлөбөй жаткандыктан алар менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылышы мүмкүн. Бирок, пандемия учурунда ансыз да кыйналып турган чакан жана орто бизнеске кылган Бишкек мэриясынын мамилесин КТРКнын мурунку директору Илим Карыпбеков сынга алды.
Карыпбеков коомчулук менен тыгыз иштешип, элдин көйгүн жакшы билген мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевден мындай кадамдарды күтпөгөнүн айтты.
“Жер маселеси тууралуу соттук иштерди ичинен билген адам катары бул көйгөйдү жакшы билем. Пандемия учурунда бизнес кыйыналып турат. Европаны жөн коюп жакынкы коңшуларды мисалга алсак, мэрлер чакан жана орто бизнести колдоп, салыктардан бошотуп, акчалай жардам берип, же болбосо мөөнөтүн узартып берип жатышат. Бизде Кыргызстанда пандемия учурунда чакан жана орто бизнеске эмне жардам бердиңиздер. Жардам бергендин ордуна "ижара акысын төлөбөй жатат" деп келишимди бузганы жатасыздар. Алар жыргаганынан төлөбөй жаткан жок да. Алардын көйгөйүн сурабайсыздарбы. Жардам бербейсиздерби. Сөз менен эмес, фейсбук аркылуу эмес, иш менен жардам бериңиздер да. Эл пандемия учурунда абдан кыйналып жатат. Сиздерди элдин көйгөйү кызытырбайт. Сиздерде бийлик бар, баары бар. Бапайган, ак көңүл, Балбак байке ушундай кадамдарга барып жаткандан кийин башкасын билбейм”, - деди Карыпбеков.
Ссылка: https://barometr.kg/ilim-karypbekov-balpajgan-balbak-bajke-sizden-myndaj-kadamdardy-ktkn-emesmin
Добавить комментарий ×