Икрамжан Илмиянов кармалып, Кыргызстанга алынып келинди

20 октябрь 2018 11:40 1453 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири Икрамжан Илмиянов чет жакта кармалып Бишкекке алынып келинди. Бул маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы тастыктап, толук маалымат кийинчерээк бериле турганын билдирди. 

Буга чейин Биринчи май райондук соту 18-октябрда Илмияновго карата кылмыш иши козголуп, аны камакка алуу боюнча чечим кабыл алгандыгы белигилүү болгон. УКМК ага карата 19-октябрда эл аралык издөө жарыялаган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Илмиянов президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда ишкерден 150 миң доллар өлчөмүндө пара алган деп айыпталууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ikramzhan-ilmiyanov-karmalyp-kyrgyzstanga-alynyp-kelindi



Добавить комментарий