Тазабек Икрамов: Вакцинаны өкмөт башчы, министрлер өздөрү биринчи алышсын

25 март 2021 14:07 3438 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов “коронавируска каршы вакцинаны биринчи кезекте премьер-министр, анын орун басарлары, Саламаттыкты сактоо министри алышы керек” деген оюун айтты. Мындай пикирин депутат Жогорку Кеңештин 25-марттагы жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, Кыргызстанга келген вакциналардын кайдан жана кандай шарттарда алынып келингени тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги парламентке келип, элге ачык маалымат бериши керек.

Депутат элди эмдөөдөн мурда өкмөт мүчөлөрү, депутаттар өздөрү биринчи вакцинаны алышы керек экенин айтты. Ошондой эле, вакцина алып жатканын түз эфирде элге көрсөтүлүшүн талап кылды.

«Баарыбыз интернет булактарынан көрүп, угуп жатабыз. Айрым өлкөлөрдө эмдөөдөн өткөндөн кийин ден соолугу начарлап, каза болгондор да катталганы боюнча маалыматтар тарап жатат. Ошондуктан Саламаттыкты сактоо министри келсин, парламенке. Толук түшүндүрүп, кепилдигин берсин. Себеби эртең албагандарды, жумушка эмделбесеңер кирбейсиңер деп кыйнай баштайт», — деди Икрамов.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталат.

Ссылка: https://barometr.kg/ikramov-vakcinany-kmt-bashchy-ministrler-zdr-birinchi-alyshsyn



Добавить комментарий