Ийгилик, сүйүү, бакыт. Бетте жайгашкан меңдер эмнени билдирет?

14 апрель 2022 11:05 10112 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Беттеги калдарды же меңдерди байыркы кездерден бери эле адам тагдырындагы өзгөчөлүктөргө байланыштырып келишкен. Алардын жайгашкан жерине карап адамдын тагдырына мындай тигиндей өзгөрүштөр болушу ыктымал, же кулк-мүнөзү мындай болот деген жыйынтык чыгарышкан.   Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет  

18 кылымда батыш Европада бал болор алдында кыздар көмүр же олбосо кал сала турган боек менен көзүнө, эрдинин үстүнө, бетине мең коюп алышкан. Эрдине жана көзүнө кал коюп алган айымдар тажрыйбалуу болуп эсептелген, ал эми бетине мең койгон кыздар назик, сезимтал, аруу кыз деген белгини берген. Мындай белгилер эркектерди кайсы бир аракетке түрткөн.

«Малеософия» меңди изилдөө менен адамдын мүнөзүн изилдей турган илим. Анда айтылгандардын кээ бирине таянып, бүгүнкү заманбап дүйнөдө калдын жайгашкан жери анын ээсине эмнеден кабар берерин карап көрөлү.

Маңдайдагы кал

Маңдайында калы же меңи бар адам бийликти сүйгөн, катуу мүнөз, эч нерседен тайманбаган адам болот дешет. Ошондой эле ал ушундай мүнөзүнүн аркасында сүйүү жаатында дагы, каржылык жаатта дагы ийгиликке жетишет. Маңдайдын сол тарабында калы барлардын интуициясы күчтүү, ал эми оң тарабында калы барлар артисттик жөндөмү жогору, атак-даңка жана байлыкка умтулган адамдар болушат экен.

Көздөгү кал

Кабактагы же көздөгү меңи барлар эрте турмуш куруп бактылуу жашашат. Оң кабагында калы болсо активдүү, жолу болгуч, байкагыч адам.Сол жак кабагында же көзүндө калы болсо эмоцияналдуу жана сезимтал, башка бирөөнүн пикиринен көп көз каранды болот деп коюшат.

Беттеги кал

Беттеги кал эстетикалык табити жогору, сезимтал, стилдүү адамды билгизет.Оң жак бетте кал болсо бактылуу болуп кыйынчылыктар аз болот дешет.Сол жак бетинде калы барларга ийгилик катуу эмгек менен келет экен.

Ээктеги кал

Ээгинде калы бар адамдар майда-чүйдөгө көңүл бөлгүч, абдан назик жана мээрман, кылдат, жоопкерчиликтүү адамдар болот. Мунун канчалык чындыгы бар өзүңүз талдап алыңыз!

Ссылка: https://barometr.kg/ijgilik-sj-bakyt-bette-zhajgashkan-meder-emneni-bildiret



Добавить комментарий