Ийгилик каалайбыз! Балбан кыздар Варшавадагы турнирге катышат

4 июнь 2021 09:48 4577 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык балбан кыздар Польшадагы Ziolkowski, Pytlasinski, Poland Open аталышындагы  турнирге катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, мелдеш 8-13-июнь күндөрү Варшава шаарында өтөт.

Ага белгилүү беш спортчу катышат. Алар:

  • Мээрим Жуманазарова - 68 кг;
  • Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;
  • Айпери Медет кызы - 76 кг;
  • Нураида Анаркулова - 59 кг;
  • Назира Марсбек кызы - 59 кг.

Спортчу кыздарды башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков, калыс Саитдин, дарыгер Бактыгүл Алишева жана массажист Константин Еремич коштоп барат.

Эске салсак, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы Токио Олимпиадасына лицензия алышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/ijgilik-kaalajbyz-balban-kyzdar-varshavadagy-turnirge-katyshat



Добавить комментарий