Министр: милициянын кадыр-баркына көө жапкандар жоготулат
Милиция кызматкерлеринин айлыгы, ардагерлердин пенсиясы да 2020-жылдын 1-январдан тарта 40 пайызга көтөрүлдү, социалдык пакеттер ишке кирет, батирлерде жашаган кызматкерлерге акча төлөнүп берилет, келишимдик негизде кызмат өтөө ишке киргизилет. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев айтканын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Министр учурда милицияга мамлекет башчысы тарабынан мурда көрүлбөгөн камкордуктар ар тараптан көрүлүп жатканын айтты. Эми өзгөчө көңул бура турган маселе, милициянын ички тартибин чыңдоо жана колу таза эмес кызматкерлердин тазалануу болуп саналат.
"Ички иштер органдарынын кызматтарында кызматтык тартипти бекемдөө менен кесиптик жана күжүрмөн даярдыктан күчөтүү. Ушундай комплекстүү кадамдар милиция кызматкерлеринин професионалдуу деңгээлин жогорулатып, учурдагы кылмыштуулук менен татыктуу күрөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Ички иштер органдарынын катарындагы кызматтык кызыкчылыктарды саткандардан, паракорлордон, мыйзамды бузгандардан, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды жоготуу биздин негизги багыттарыбыздын бири. Жарандардын арыздарын жана даттанууларын кароо, кылмыштарды каттоодон жашыруу, пара талап кылуу, оройлук боюнча фактыларга, милициянын формасын жамынып алып, коррупциялык иштерге аралашкан, андан сырткары баңги кылмыштуулугу жана башка мыйзамсыз иш-аракеттер менен кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган абийирсиз кызматкерлерди ички иштер органдарынын катарынан тазалоо боюнча иштерди күчөтүүгө өзгөчө көңүл бурамын", - деди министр.
Жунушалиев ички иштер органдарынын курамында болгон тартип бузууларды, мыйзамсыз жосундарды жана милиция тарабынан жасалган кылмыштарды таап, аныктап кызматтык иликтөө жүргүзүп, юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына жиберилип жатканын кошумчалады.
2019-жыл ичинде кылмыш жасагандыктары үчүн ички иштер органдарынын кызматкерлерине карата 39 кылмыш иши козголуп, бул боюнча 43 кызматкер жоопкерчиликке тартылууда. Жыл ичинде ар кандай тартип бузуулар боюнча 1979 кызматкер тартиптик жазага тартылышкан. Алардын ичинен 25 кызматкер тартипти одоно бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулса, 52 кызматкер ээлеген кызматынан кетирилген.
Учурда ички иштер министрлиги өздүк курамдын ичинде айрыкча коррупцияга байланышкан кылмыштар менен мыйзам бузуулардын бетин ачуу жана ага байланышкан кызматкерлер менен аёсуз күрөшүү жана кызматкерлерди коргоо, мыйзам менен тартип бузууну болтурбоо максатында алдына-ала аткарылуучу иш-чаралар боюнча чечкиндүү кадамдарга баруу үчүн иштер жүрүп жатат.
Министр андан сырткары, ички иштер органдарынын катарынан кызматтын кызыкчылыктарын саткан, коомдун алдында милициянын беделин түшүргөн, мыйзамдуулукту бузган, пара алган, мыйзамсыз иш-аракеттери менен орду толтурулгус зыян келтирген кызматкерлерден тазалоого багытталган иш дайыма менин көзөмөлүндө экенин айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/iimge-tatyktuular-kerek
Добавить комментарий ×