ИИМдин кызматкерлерин ардактуу эс алууга узатышты

24 июнь 2019 20:18 2513 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин кызматкерлерин ардактуу эс алууга узатышты.Бул тууралуу басма сөз кабарлады.

Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын Бишкек шаардык Биринчи май райондук күзөт кызматынын мурдагы штаб башчысы, милициянын капитаны Ырыскелдиев Максат Курманакунович жана ошол эле бөлүмдүн взвод командиринин орун басары болуп көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келген милициянын прапорщиги Чапаев Бактыбек Карыпидиновичтерди ардактуу эс алууга узатышты.

Узатуу мааракесинде бөлүмдүн башчысы, милициянын подполковниги А. Момбеков “Мына, бүгүн сиздер ардагерлердин катарына кошулуп жатасыздар, Сиздердин бөлүмгө гана эмес, бүткүл Күзөт кызматына кошкон салымыңыздар зор. Анткени 25-30 жылдан бери ушул бөлүмдүн дубалдарында жөнөкөй милиционер кызматынан штаб башчысы жана взвод командиринин орун басары кызматтарына чейин иштеп, кесиптештериңиздин арасында кадыр-баркка ээ болуп, жаш милиция кызматкерлерине тарбия берип, наасатыңыздарды айтып келдиңиздер. Сиздердин мол тажрыйбаңар, жаш кызматкерлерди тарбиялоого, Күзөт кызматынын ишмердүүлүгүн жакшыртууга кошкон салымыңар үчүн ыразычылыгыбызды билдиребиз” – деп өз сөзүндө баса белгиледи. Мааракенин жыйынтыгында, бөлүмдүн өздүк курамынын атынан салтка айлангандай ак чапан жана калпак кийгизип, белектерин тартуулашты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-kyzmatkerlerin-ardaktuu-es-aluuga-uzatyshty



Добавить комментарий