ИИМдин кызматкери Таиландда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде жеңишке жетти

13 март 2023 14:18 1526 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин кызматкери Таиландда өткөн аралаш мушташ боюнча турнирде жеңишке жетти. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, мелдеш 7-мартиан  12-мартка чейин Таиланддын Бангкок шаарында болгон.

Анда, аралаш мушташ (ММА) боюнча "ONE LUMPINE" аталыштагы турнир болуп өттү. Ага Кыргызстандан Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкери, милициянын улук прапорщиги Саламат  Орозакунов да катышкан.  

Бул турнирде  милициянын улук прапорщиги Саламат Орозакунов   84 кг салмак категориясы боюнча чыгып, атаандашын жеңип жеңүүчү аталды.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-kyzmatkeri-salamat-orozakunov-tailandda-tkn-aralash-mushtash-boyuncha-turnirde-zheishke-zhetti



Добавить комментарий