ИИМдин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

22 декабрь 2020 17:22 1187 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ИИМдин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Финансы полициясынын маалымат кызматына таянып "Барометр" билдирет.

КРын Финансы полициясына “Т.Б.” деген жарандан Ички иштер министрлигинин кызматкери тарабынан 3 миң АКШ доллар суммасында акча талап кылуу фактысы боюнча арызы келип түшкөн.

Кечээ, 21-декабрда, Финансы полициясынын кызматкерлери Ички иштер министрлигинин ИТКсы менен биргеликте 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Чүй облусунун Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын ыкчам өкүлү “Р.Б.” кармалды. Кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-kyzmatkeri-para-alyp-zhatkan-zherinen-karmaldy



Добавить комментарий