Ниязбеков: Тышкы байланыштарды чыңдоо менен бир катар жетишкендиктерге жеттик

17 ноябрь 2023 12:06 1244 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улан Ниязбеков Ички иштер министрлиги тышкы байланыштарды чыңдоо менен  бир катар жетишкендиктерге жеткенин билдирди. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалыматта, Ички иштер министрлиги эл аралык кызматташтык чөйрөсүндөгү бир катар натыйжалуу иш-чараларды жүргүзгөндүгү айтылат. 

“Чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө максатында быйыл эле 338  иш-чара уюштурулуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташуу жагы бекемделүүдө. Эл аралык кызматташтык ишмердүлүүгүнүн негизинде, эл аралык донорлордон Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жалпы 23 млн 305 миң 470 сомдук ар кыл заманбап материалдык техникалык жардамдар  алынды.

ИИМдин жетекчилигинин катышуусунда эл аралык маанидеги, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдарынын жетекчилери, элчилери, эл аралык уюмдардын, өнөктөштөрдүн жетекчилери жана өкүлдөрү менен укук коргоо багытындагы маанилүү маселелер боюнча жолугушуу, сүйлөшүү, отурумдар, өз ара кызматташуу боюнча Келишимдерге кол коюлду.  ИИМ  КМШ өлкөлөрүнүн бардык ички иштер министрликтери жана Шанхай Кызматташтык Уюму, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, Сауд Аравия Королдугунун, Бириккен Араб Эмираттарынын, Кытай, Корея, Түркия, Япония мамлекеттери менен жемиштүү кызматташтыкты жүзөгө ашырды. Мен Түркия Республикасынын Ички иштер министри Али Ерликая, Россия Федерациясынын Ички иштер министри Владимир Колокольцев, Казакстан Республикасынын экс-ички иштер министри Марат Ахметжанов, азыркы ички иштер министри Ержан Саденов, Өзбекстан Республикасынын ички иштер министри  Пулат Бобожонов,  Кытай Эл Республикасынын Коомдук коопсуздук министри  Ван Сяохун менен жолугушуп, коопсуздук,  коомдук тартипти чыңдоо максатында бир катар  маанилүү келишимдерге кол койдум. Ал келишимдердине арасында Россия, Түркия, Казакстан, Өзбекстан мамлекеттеринин Ички иштер министрликтери менен кадрларды даярдоо боюнча өзгөчө маанилүү багыттарда да келишимдерге кол коюлуп, ал акырындык менен иш жүзүнө аша баштады.

Мындан тышкары, эл аралык кызматташтыктын алкагында ири долбоорлорго, натыйжалуу келишимдерге, меморандумдарга жана коомчулукту тейлөө сапатын чыңдоо боюнча шарт түзүү үчүн бир катар макулдашууларга жетиштик. “АвтоУраган” аппараттык-программалык комплексинен 20 даана алынып келинди. Аталган иш-чаралар калкыбыздын коопсуздугун бекем сактоого, жүктөлгөн милдеттерди сапаттуу аткарууга, функционалдык мүмкүнчүлүктү жакшыртууга карата жасалууда. Быйыл эле жол эрежелерин бузган  4 миң 49 автоунаа аныкталып, 1 миң 459 автоунаа  айып  жайларына киргизилген, издөөдө жүргөн 540 автоунаа  кармалган, ошондой эле тогуз ай ичинде мамлекеттик бюджетке 12  миллион 868.800  сом өндүрүлгөн”, -деп айтылат билдирүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-el-aralyk-kyzmattashtygynyn-alkagynda-alyngan-apparattarynyn-zhardamy-menen-izdd-zhrgn-540-unaa-karmaldy



Добавить комментарий