"Дордойдон" контейнер сатып берем деп $40 000 алып, алдап кеткен жаран кармалды

13 декабрь 2019 10:40 1902 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылдын 6-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМнин Тергөө кызматына Р.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 2019-жылдын 22-март күнү Бишкек шаарынын Ж. Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруу пунктунун жанынан тааныш Сталбек жана анын достору Кубан, Алмаз аттуу жарандар Бишкек шаарынын Дордой базарынын борбордук өтмөгүнүн жанынан контейнер сатып алып беребиз деп, арыз ээсинин ишенимине киришип, алдоо жолу менен жалпысынан 40, 000 АКШ долларын ээлеп алышканын билдирген. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. Ошол  күндөн бери бул жарандар контейнерди сатып алып бербей же акча каражатын кайтарып бербей качып жүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Жогорудагы факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмүндө (Адамчылык) каралган кылмыш курамы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. 2019-жылдын 9-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан жогорудагы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турган 1979–жылы туулган К.Т. аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Шектүү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесинин негизинде Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка шектүүлөрдү кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-atajyn-kattoosunda-turgan-1979zhyly-tuulgan-kt-attuu-bishkek-shaarynyn-turgunu-karmaldy



Добавить комментарий