Бишкекте адашып жүргөн 3 жашар бала энесине кайтарылды
ИИМ Академиясынын кызматкерлери адашып кеткен баланы энесине тапшырышты. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, 6-майда болжол менен саат 11.00дөр чамасында ИИМ Академиясынын кызматкерлери милициянын полковниги З.Жоробеков жана милициянын подполковниги Э.Шинеев элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатып, 4-кичирайонундагы Саякбай Каралаев көчөсүнөн адашып жүргөн болжол менен 3-4 жаштагы баланы таап алышкан.
Ошол замат кызматкерлер Октябрь райондук ИИБга маалымат беришип, жыйынтыгында бала ата-энесине кайтарылып берилди.
Баланын энеси саат 10.30 баштап аз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөндөн майнап чыкпагандан кийин гана Октябрь РИИБне кайрылышкан.
Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-akademiyasynyn-kyzmatkerleri-adashyp-ketken-balany-enesine-tapshyryshty
Добавить комментарий ×