Бишкекте адашып жүргөн 3 жашар бала энесине кайтарылды

6 мая 2020 17:27 1291 Barometr
Поделиться в:
ok

ИИМ Академиясынын кызматкерлери адашып кеткен баланы энесине тапшырышты. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы билдирди. 

Ага ылайык, 6-майда болжол менен саат 11.00дөр чамасында ИИМ Академиясынын кызматкерлери милициянын полковниги З.Жоробеков жана милициянын подполковниги Э.Шинеев элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатып, 4-кичирайонундагы Саякбай Каралаев көчөсүнөн адашып жүргөн  болжол менен 3-4 жаштагы баланы таап алышкан. 

Ошол замат кызматкерлер Октябрь райондук ИИБга маалымат беришип, жыйынтыгында бала ата-энесине кайтарылып берилди. 

Баланын энеси саат 10.30 баштап аз алдынча издөө иштерин жүргүзүшкөндөн майнап чыкпагандан кийин гана Октябрь РИИБне кайрылышкан.


Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-akademiyasynyn-kyzmatkerleri-adashyp-ketken-balany-enesine-tapshyryshty



Добавить комментарий