ИИМдин академиясынын студентинен 3 миллион сомдук спайс табылды
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 20-апрелде транс чек аралык баңги тобунун кылмыштык ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул топ Борбор Азиянын өлкөлөрүнө психотроптук заттарды ташып жана жеткире турган туруктуу канал түзүп алган.
УКМКдан маалымдашкандай, Ички иштер министрлигинин академиясынын 2000-жылы туулган 2-курсунун студенти А. Д., жана Жусуп Баласагын атындагы КУУнун студенти, 1999-жылы туулган Н. Н., аталган заттарды Кыргызстандын аймагына тартуучулар катары кармалды.
Жеке кароо учурунда А. Д.нын жанынан өзгөчө ири көлөмдөгү, тактап айтканда 1 кг 75 грамм салмактагы психотроптук зат - “спайс” табылды.
Бул зат сатууга багытталганы жана “көмүскө базарда” 3 миллион сомго жакын сумма турары аныкталды.
Учурда бул боюнча иликтөө иштери башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/iimdin-akademiyasynyn-kursantynan-3-million-somduk-spajs-tabyldy
Добавить комментарий ×