ИИМде ротация жүргүзүлүп, бир топ жетекчилер алмашты (тизме)

15 февраль 2021 12:21 1311 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жыл жыйынтыгына арналган коллегиянын чечимдерине ылайык ички иштер органдарынын жетекчилик курамында ротация жүргүзүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кайсы жетекчилер алмашып, кандай кызматтарга келди?

Нарын ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Аалиев Улан Карыбекович ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулуп, Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

Бишкек ШИИББдин башчысы, милициянын полковниги Жумагазиев Канат Сагынович Ысык Көл облустук милицияны чыңдоо максатында Ысык Көл ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

Ысык-Көл ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Асанбаев Улан Кубатович ээлеген ордунан төмөндөтүү менен бошотулду;

Талас ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жумабеков Алмазбек Артисбекович Нарын ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

Баткен ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Мамасеитов Акылбек Садырбекович Ош шаардык милицияны чыңдоо максатында Ош ШИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

Ош ШИИБдин башчысы, милициянын полковниги Боронов Мурат Самидинович Баткен ОИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

Талас ОИИБдин башчысынын милдетин ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын улук ыйгарым укуктуу кызматкери Асанов Марлис Сурапбекович аткарат;

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Матмусаев Бакыт Аманович Бишкек ШИИББдин башчысы кызматына дайындалды;

Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Султанов Уланбек Алымбаевич ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башчысы болуп дайындалды;

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Ормонов Замирбек Токтоназарович ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Токтогул РИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

Токтогул РИИБдин башчысы, милициянын полковниги Сулайманов Райымбек Атаханович Ала-Бука РИИБдин башчысы кызматына дайындалды;

ИИМдин жетекчилик курамына дайындоолор боюнча өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен милициянын полковниги Абитов Жеңишбек Эсеналиевич Ош ОИИБдин башчысы кызматына;

Милициянын полковниги Өскөнбаев Конокбай Жумашевич ИИМдин ички иликтөөлөр кызматынын башчысы кызматына;

Милициянын подполковниги Бурканов Нурланбек Орозматович Баткен шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы кызматына;

Милициянын подполковниги Мырзамамытов Айылчы Асанович Жалал-Абад облусунун Аксы РИИБдин башчысы кызматына дайындалды.

Ссылка: https://barometr.kg/iimde-rotaciya-zhrgzlp-bir-top-zhetekchiler-almashty-tizme



Добавить комментарий