ИИМ: журналист Болот Темировго кол салуу боюнча төрт киши кармалды. Сүрөт
Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салды деген шек менен төрт киши кармалды.
Алар 1993-жылы туулган Д..Б., 1993-жылы туулган Б. А., 1982-жылы туулган Ж.Э. жана 1994-жылы туулган О. А. аттуу жарандар. Шектүүлөрдүн бардыгы Жалал-Абад облусунда туулган.
"14-январда саат 7:00дөр чамасында шектүүлөр Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына кигизилди. Алар Кылмыш жаза кодексинин 201-беренеси боюнча айыпталууда", — деп айтылат маалыматта.
Учурда окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн бардык иш аракеттер жүрүүдө.
9-январда Болот Темировду белгисиз үч киши сабап кетишкен. Ал ушул эле күнү Биринчи Май райондук милициясына аларга чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган.
Кол салуудан кийин Болот Темиров тиштери бошоп, кулагынан кан чыгып жатканын айткан болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/iim-zhurnalist-bolot-temirovgo-kol-saluu-boyuncha-trt-kishi-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×