ИИМ: "Жаңы-жылга карата 7-январга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйбүз"

28 декабрь 2018 11:19 1181 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жаны-жылга карата  30-декабрдан баштап 2019-жылдын 7-январына чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызматтарын өтөшөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, бүгүн,  28-декабрда Бишкек шаарынын Эски аянтында  милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү. Аталган иш-чара келе жаткан жаңы-жылдык майрамдарга карата уюштурулду. 

Саптык кароо-тескемесине ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, министрдин орун басарлары, Бишкек ШИИББдин жетекчилери ИИОнун ардагерлери, коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Министр сөз сүйлөп, өтүп бараткан жылдагы аткарылган иштер боюнча, 2019-жылга карата жаңы ишке аша турчу долбоорлор боюнча маалымат берди. Ошондой эле, Жаңы-жылга карата коомдук тартипти көзөмөлдөө максатында өзгөчө маанилүү стратегиялык обьекттер кайтарылаарын айтты. 

Салтка айлангандай, милиция бөлүмдөрүнүн саптык кароосу кызматкерлердин жер-жерлерде кызмат өтөөлөрү менен коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча өз милдеттерин аткарууларын, андан сырткары сырткы көрүнүшүн, тыкандуулугун текшерүү үчүн өткөрүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-zhay-zhylga-karata-7-yanvarga-chejin-kchtlgn-tartipte-kyzmat-tjbz



Добавить комментарий