ИИМ: Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысын министр Кашкар Джунушалиев көзөмөлдөйт

2 июнь 2018 03:25 1911 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жайыл РИИБдин имаратында жасалган адам өлтүрүү фактысы боюнча жана милиция кызматкерлерине карата кызматтык иликтөөнүн жүрүшүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев көзөмөлгө алат.

Ага ылайык ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилет.

Эске салсак, 28-майда Жайыл районунун РИИБ имаратынан турмуш куруу максатында кызды ала качуу аракети менен колго түшкөн жигит, мыкаачылык менен кызды мууздап өлтүргөн факты катталган.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-zhajyl-riibdin-imaratynda-zhasalgan-adam-ltr-faktysyn-ministr-kashkar-dzhunushaliev-kzmldjt



Добавить комментарий