ИИМ: Юлия Руцкаянын апасын милиция кызматкери кызматтык унаа менен сүзүп кеткен

2 октябрь 2020 15:29 850 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Юлия Руцкаянын апасын милиция кызматкери унаа менен коюп кеткен. Бул маалыматты ИИМ тастыктап, окуянын чоо-жайын “Барометрге” айтып берди.

Жол кырсыгына байланыштуу Юлия Руцкаянын видео кайрылуусу боюнча териштирүү башталып, аталган факты КЖБРге катталганы маалым болду.

“2020-жылдын 1-октябрында болжол менен саат 14:00 чамасында ички иштер органынын кызматкери  “Ниссан Алмера”  үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын башкарып бара жатып, Үсөнбаев көчөсүнөн түндүктөн түштүккө карай маневр жасаган учурда жөө жүргүнчү 1950-жылы туулган А.С.ны сүзүп алган.

 Жол-транспорттук кырсыктын кесепетинен жаран А.С. ооруканага болжол менен баш мээсинин чайкалышы диогнозу менен жеткирилген.

Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 155-беренесинин негизинде катталган.

 Милициянын кызматкери өз күнөөсүнөн баш тарткан жок жана жабырлануучуга келтирилген материалдык зыянды толук кандуу төлөп берүүгө даяр. “Ниссан Алмера”  үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа айып пул төлөөчү жайга киргизилди. Жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген оорлукту тактоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, андан сырткары соттук-автотехникалык, соттук-трасологиялык экспертизалар  даярдалды. Иликтөө иши жүрүп жатат”, -деп билдирди ИИМ.

 Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык текшерүү жүргүзүлүп жатканы маалым болду.

Эске сала кетсек, ырчы Юлия Руцкая апасын унаа коюп кетип, ооруканага жаткырылганын айткан. Ал өлкөдө жабыркагандардын укугу корголбойт деп кооптонгондугун билдирген.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-yuliya-ruckayanyn-apasyn-miliciya-kyzmatkeri-szp-ketkenin-achyktady



Добавить комментарий