ИИМ: "Тепки жеп, эсин жоготкон бала тууралуу соцтармактарда тарап жаткан видео Кыргызстанда болгон эмес"
Бөлүшүү:
WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактарда жатаканада жигитти топ балдар уруп жатышкандыгы тууралуу видео кайрадан тароодо. Бул окуя Кыргызстанда эмес, 2016 жана 2017-жылдары молдовиялык жана украиналык ЖМКда, андан сырткары башка өлкөлөрдө дагы тараган деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.
Видеодо жигитти тепкилешкени, ошондой эле балдардын тепкисине ал каршылык көрсөтпөстөн кулап, эс-учун жоготуп койгон. WhatsApp мессенджеринин активдүү колдонуучулары аталган бейбаштык
Кыргызстандын аймагында катталышы мүмкүн дешип тарата башташкан.
Ушуга байланыштуу ички иштер министрлиги төгүндөө ирээтинде жогорудагы окуя Кыргызстанда болбогондугун билдирет.
Добавить комментарий ×