ИИМ прокурордун өлүмү тууралуу окуянын чоо жайын айтты

18 ноябрь 2018 17:00 2908 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунун прокурору 18-ноябрга караган түнү киши колдуу болуп өлтүрүлдү. ИИМ окуянын чоо-жайы тууралуу маалымат берди. Прокурор Анарбай Мамажакыпов менен анын өлүмүнө шектүү деп жаткан адамды элдер окуя болор күнү чогуу көрүшкөн. ИИМдин берген маалыматына ылайык, прокурорду башка таш сыяктуу бир катуу нерсе менен чапкандыктан каза болгон. Кармалган шектүү дагы деле мас абалында, соолуга элек. 

Прокурордун сөөгү бүгүн 18-ноябрда Баткендин Тажикстан менен чектешкен ээн сайдан табышкан. 17-ноябрдан бери дайынсыз болуп, чөнтөк телефонун албагандыктан жакындары кабарлап, милициянын ыкчам тобу издөө салган. 

43 жаштагы Анарбай Жакыпов буга чейин Таласта иштеп, Баткен облусуна которулуп келгенине 5 эле айдын жүзү болгон. Айрым аны билгендердин айтымында, акыркы убактарда чуулгандуу деле окуяларды козгогон эмес. Маркумдун сөөгүн жакындары кичи мекени Чоң-Алайга алып кетишти.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Облустук прокурордун өлүмү боюнча шектүү кармалып, күбөлөр да суралып, тийиштүү экспертизалар дайындалды деп билдирет ИИМ. 

 


Ссылка: https://barometr.kg/iim-prokurordun-bashyna-tash-syyaktuu-katuu-nerse-tijgenden-ulam-kaza-bolgon



Добавить комментарий