ИИМ: Пакистандык жарандан $ 40 миң карактап кеткен Тажикстандын үч жараны кармалды

15 январь 2021 11:29 1694 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Пакистандык жарандардан күч колдоонуу аракеттери менен 40 миң доллар акчасын алып, изин жашырып качып кеткен шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.  

"2021-жылдын 13-январь күнү Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы "Сосновка" стационардык постунда саат 22:00 чамасында “Мерседес” унаасына "перехват" планын жарыяланган. Себеби Тажикстандын жарандары күч колдонуп, Пакистан жарандарынан 40 миң доллар акчасын карактап, андан кийин күмүш түстөгү “Мерседес” үлгүсүндөгү  унаасы менен белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Жогорудагы маалыматты алган "Сосновка" постунун нөөмөттүк инспекторлору жүргүнчүлөрдүн жана айдоочулардын документтерин текшерүү учурунда күмүш түстөгү “Мерседес” үлгүсүндөгү  унаасын токтотушкан. Айдоочуну текшерип жатканда бир нерсеге тынчсызданып жатканы байкалган. Текшерүү учурунда кызматкерлер унаадагылар бир жакка шашып же качып баратканын түшүнүшкөн.

Ыкчам-топ аталган жерге келип, шектүүлөрдү кармашкан. Аларга тинтүү жүргүзгөндө чоң суммадагы акча табылган. Сурамжылоо жүргүзүү учурунда Тажикстан Республикасынын жарандары бул ири сумманын кандай алышканын түшүндүрө алышкан эмес. Тажикстандын үч жараны тең кармалып, кошумча тергөө амалдары жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине жеткирилди”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-pakistandyk-zharandan-40-mi-karaktap-ketken-tazhikstandyn-ch-zharany-karmaldy



Добавить комментарий