ИИМ: "Оштогу 21-ноябрда жана 4-декабрда чыккан окуучулардын мушташы тууралуу видеолор бир эле окуя"
Мектеп окуучуларынын мушташы тууралуу ушул жылдын 21-ноябрында жана 4-декабрында жарыяланган видеолору бир эле окуя экендиги такталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүрүшүндө окуя 21-ноябрда болжол менен саат 11.00дѳ болгон.
Видеотасмада сабалып, жабыркаган кыз 2002-жылы туулган Ош шаарынын мектептеринин биринин 11-классынын окуучусу болгон. Ал эми аны ур-токмокко алган кыз Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2002-жылы туулган жашоочусу болгон. Ал эми видеону Кара-Суу районунун жашоочусунун курбусу тарткан.
Алгачкы иликтөөнүн жүрүшүндө 18-ноябрь күнү жаңжалдашкан тараптар социалдык түйүн аркылуу байланышып, ѳз ара урушуп кетишкен. Алар бири-бирин интернеттен фейк аттары аркылуу гана таанышып, ѳз ара жаңжалдарын чечүү максатында Ош шаарынын парктарынын биринде жолугушууну сүйлѳшүшүп, ошол жерде 21-ноябрда саат 11.00 чамаларында жолугушуп, уруша кетишкен. Ошол жерден окуя видео тартылган. Андан соң видеого тарткан кыз досторунун арасында тараткан. Аталган окуя кылмыштарды каттоо китебине катталды. Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Андан сырткары, азыркы учурда тергөө мыйзамда көрсөтүлгөндөй кайдигер мамиле кылып видеого тартып жана жайылткандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча маселелерди карап жатат.
Добавить комментарий ×