ИИМ: Орок айылында жагдай туруктуу
Бөлүшүү:
Чүй областынын Сокулук районуна караштуу Орок айылында милиция кызматкелери көзөмөлдөө иштерин улантууда.
Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, бүгүн 7-июнда аталган айылда абал тынч, элдин топтолгону байкалган жок.
Азыркы учурда Ички иштер министрлигинин “Шумкар” атайын кызматынын, Чүй областтык ИИББдин, Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери укук тартиби менен коопсуздукту көзөмөлдөп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/iim-orok-ajylynda-zhagdaj-turuktuu
Добавить комментарий ×