Новосибирскиде кыргызстандыктарды сабаган окуя боюнча 25 адам сурак берди
Орусиянын Новосибирск шаарында кыргызстандыктардын катышуусундагы массалык мушташ боюнча өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) расмий билдирүү таратты.
5 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын экөө ооруканага жаткырылды.
ИИМдин орусиядагы өкүлчүлүгү билдиргендей, Новосибирсктеги окуя боюнча Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 213 Бейбаштык беренеси менен 163 Опузалап талап кылуу беренеде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Окуя болгон жерде кылмышты ачууга багытталган тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анда жакын жерлерде жайгашкан видеокамералардын тасмалар көрүлгөн. Токтотулган унаалар текшерилип, бардык далил буюмдар алынып, кылмыш ишинин материалына бекитилип, зарыл болгон эскпертизалар дайындалган. Аймактык органдарга 25 адам жеткирилип, суракка алынгандан кийин бошотулган.
Учурда Новосибирск шаарынын укук коргоо органдары тарабынан кылмыш ишине тиешеси барлар изделип жатат. Алардын кайда экендигин тактоого багытталган комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүүдө.
Бул факты боюнча Өкүлчүлүк, Орусиянын ИИМдин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз иштешүүдө.
Эскерте кетели, Орусиянын Новосибирск шаарындагы Хилкский районундагы базарда кечээ, 7-октябрда жапырт мушташ болуп, ок атылган. Окуяга тиешеси бар делип 50 адам кармалган, мушташка кеминде 200дөй адам катышкан. Айрым маалыматтарда 50дөн 100гө чейин адам катышкан. Чыр базардын ижара акысынан улам чыккан.
Добавить комментарий ×