ИИМ митинг учурунда мыйзам бузгандарды эмне күтөрүн билдирди

2 март 2020 08:45 831 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Митингде тартипти бузгандарга катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Кыргызстанда абалды туруксуздаштырууга аракет жазагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Ички иштер министрлиги абалды курчутууга жол бербейт. Коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча  тиешелүү чаралар көрүлөт. Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыккан.

"Учурда кылмыштуулуктун алдын алууга , коомдук тартип камсыз кылууга жана  өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.  ИИМ жеке  жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамдуулукту сактоого чакырат. Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек деп эсептейбиз, демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт. Укукка жат иш-аракеттер  мамлекетке жана коомго гана терс таасирин тийгизип гана койбостон,  республиканын башка жарандарынын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат. Ар бир укуук бузуу боюнча мыйзам алдында жооп берүү мыйзам актыларында ачык жана так жазылган", - деп айтылат маалыматта.

Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жүргүзүү жолуна  бөгөт коёт.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-мартта, мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары тынчтык митингине чыгууну пландаган.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-miting-tkrd-myjzamduuluktu-saktoogo-chakyrat



Добавить комментарий