Бишкекте массалык мушташка катышкан сегиз жигит кармалды

20 ноябрь 2019 11:53 1925 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги "Чыгыш - 5" кичирайонунда болгон массалык мушташка катышкандардын өздүгү такталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармакта массалык мушташ тууралуу видео тараган. Анда ондон ашык балдардын мушташы чагылдырылган.

Маалыматка ылайык, кечээ, 19-ноябрда "Чыгыш - 5" кичирайонундагы "Роял" караоке-клубунун жанында болгон массалык мушташка катыштыгы бар жигиттердин өздүгү аныкталган. Алар:

  1. Жалал-Абад облусунун 2001-жылкы Р.Н., аттуу тургуну;
  2. Жалал-Абад облусунун 2000-жылкы Н.Р., аттуу тургуну;
  3. Бишкек шаарынын 2001-жылкы А.Б., аттуу тургуну;
  4. Бишкек шаарынын 2001-жылкы Б.Б., аттуу тургуну;
  5. Нарын облусунун 1998-жылкы Ж.Б., аттуу тургуну;
  6. Нарын облусунун 1997-жылкы У.К., аттуу тургуну;
  7. Жалал-Абад облусунун 2001-жылкы Э.Н., тургуну;
  8. Жалал-Абад облусунун 2001-жылкы Т.А., аттуу тургуну;

Учурда Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгы сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө иш-аракеттерин улантууда.

Ссылка: https://barometr.kg/iim-massalyk-mushtashka-katyshkandardyn-zgdg-anyktaldy



Добавить комментарий