ИИМ: Караколдогу базар, "Супара" эс алуу жайы, "Мадина" базарында болгон өрттө кылмыш белгилери аныкталган жок

20 сентябрь 2018 19:30 1705 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Караколдогу базар, "Супара" эс алуу жайы, "Мадина" базарында болгон өрттө  кылмыш белгилери аныкталган жок. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат. 

"14-сентябрь күнү болжол менен саат 23:10 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө, Бишкек шаарынын “Мадина” соода базарында өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

17-сентябрь күнү болжол менен саат 22:28 чамасында Каракол ШИИБдин нѳѳмѳт бѳлүгүнѳ “Ак-Тилек” соода базары ѳрттѳнүп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкѳн.

18-сентябрь күнү болжол менен саат 02:28 чамасында Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан “Супара” этно-комплексинде өрт чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар ички иштер органдарында катталып, ыкчам-тергөө топтору окуянын келип чыгуу себептерин аныкташууда. Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Көзөмөл жүргүзүүчү видеокамералардын тасмалары алынды. Азыркы учурда өрттөнүүдө эч кандай кылмыш белгилерин мүнөздөгөн жагдайлар чыга элек. Эксперттер өрт коопсуздугун сактоо чараларын көрбөгөндүк менен кокустук деп эсептешүүдө", - деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/iim-karakoldogu-bazar-supara-es-aluu-zhajy-madina-bazarynda-bolgon-rtt-kylmysh-belgileri-anyktalgan-zhok



Добавить комментарий