ИИМ: "Интернетке тараган видео Ошто эмес, Өзбекстанда болгон. Кастыкты козутуу максатында видео тараткан жаран кармалды"
WhatsApp аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча материалды тараткан жарандын өздүгү такталып, кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы Barometr.kg сайтына билдирди.
Белгилей кетсек, WhatsApp жана башка социалдык тармактарда жаш адамдардын мушташкан видеосу тарап, анда кээ бирөөлөр видеодогу окуяны Ош облусунун аймагында тартылгандыгын билдире башташкан. Бул видео болжол менен бир жума мурда таратыла баштаган, бирок жаш адамдардын ортосундагы мушташ Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун аймагында болгон. Өзбекстандын Башкы прокуратурасы аталган факты боюнча кылмыш иши козголгондугун расмий түрдө билдирген.
Азыркы учурда түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүрүп жатат. Аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен жарандар Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык кылмыш жоопкертилигине тартылат.Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет.
Добавить комментарий ×