ИИМ WhatsApp аркылуу жалган маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет

23 январь 2020 12:00 1895 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

ИИМ кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. 

Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына -- 102 кызматы аркылуу маалымдап коюу керек. 

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.


Ссылка: https://barometr.kg/iim-eskertet-kylmysh-zhasalgandygy-zhnndg-zhalgan-maalymat-taratkan-zharandar-kylmysh-zhoopkerchiligine-tartylat



Добавить комментарий